Зулушев: «Министрлик керексиз жана сапатсыз вакцинаны 179 миллион сомго сатып алган»

Башкы прокурор Курманкул Зулушев мамлекеттик органдардагы коррупциянын айрым фактыларына токтолду. «Тергелген иштердин баарын айтууга убакыт жетишсиз», — деди ал 16-ноябрда президенттин алдындагы Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин биринчи отурумунда. 

Башкы прокурордун айтымында, 2020-жылы Саламаттыкты сактоо министрлиги менчик ишканалардан 135 миллион сомго техникалык талаптарга жооп бербеген сасык тумоонун 150 миң дозасын жана пневмококктун 20 миңден ашуун дозасын 44 миллион сомго сатып алган. Бул фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, жоюлган УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын мурдагы кызматкерлери Бишкек мэриясынын кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, борбор калаадагы жерлерди мыйзамсыз ээлеп алышкан. Кылмыш ишин тергөө аяктап, сот өкүмүн чыгарды.