Бүгүн, 28-январда Биринчи Май райондук соту ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду СИЗО-1 абагына камакка алуу жөнүндө чечим чыгарды.
Асанов 26-мартка чейин тергөө абагында болот. Ал 26-январда имаратты басып алууга шектелип кармалган.
Курсан Асановго Жазык кодексинин 355-беренеси (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) боюнча да айып тагылууда.
Ал октябрдын башындагы башаламандыктан кийин өзүн ички иштер министринин милдетин аткаруучу деп жарыялап, бул тармакты көзөмөлдөп баштаган болчу.