Курсан Асанов менен сүйлөштү делген Алмаз Сарыбаев да эки айга камакка алынды

Бүгүн, 16-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда «Толубай» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаевдин бөгөт чарасы каралып, 2 айга камакка алынды. Тактап айтканда, ал 15-ноябрга чейин камакта болот.

«Ал Юстиция министрлигине караштуу ЖАМК №21 тергөө изоляторуна камакка алынды», — деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен «Толубай» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген видео социалдык тармакка жарыяланган. Аудио жазууда Курсан Асанов, депутат Жанар Акаев жана башка саясатчылар бийликти куралдуу басып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы жазуу түрүндө көрсөтүлгөн. Кечээ, 15-сентябрда бул аудио боюнча бир нече саясатчылар ИИМге сурак берип чыгышты.