Курсан Асановдун баш коргоо чарасы бүгүн каралат

Азыр саат 11:00-12:00 чамасында Биринчи май райондук сотунда Курсан Асановдун баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу анын жактоочусу билдирди.

26-январда Курсан Асанов имаратты басып алуу менен айыпталып, Бишкек ШИИБдин абагына киргизилген. Октябрдын башындагы башаламандыктан кийин Асанов өзүн ички иштер министринин милдетин аткаруучу деп жарыялап, бул тармакты көзөмөлдөп баштаган болчу.