Курсан Асановдун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү, бирок камакта калды

Бишкек шаардык соту бүгүн, 2-февралда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасын карады.

2020-жылдын октябрь окуяларына байланыштуу анын баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бирок ага тагылган башка кылмыш иштери болгондуктан СИЗО-50 абагында камакта калтырылды.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен «Толубай» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген видео социалдык тармакка жарыяланган. Аудио жазууда Курсан Асанов, депутат Жанар Акаев жана башка саясатчылар бийликти куралдуу басып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы жазуу түрүндө көрсөтүлгөн. 15-сентябрда бул аудио боюнча бир нече саясатчылар ИИМге сурак берип чыгышкан. Ал эми Асанов камакка алынган.