Курсан Асановдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү кароо жылдырылды

Курсан Асановдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү кароо жылдырылды. Бул тууралуу Сереп Медиага анын жакындары билдиришти.

Алардын айтымында, бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ички иштер министринин мурунку  орун басары Курсан Асановду камакта кармоо мөөнөтү аяктап баратканына байланыштуу, кармоо мөөнөтүн узартуу же үй камагына чыгаруу маселеси каралмак. Бирок жактоочулардын келбей калганына байланыштуу отурум эртеңкиге саат 15:00гө жылдырылды.

ИИМ жетекчисинин мурунку орун басары Курсан Асанов 26-январда «Имаратты жана курулуштарды басып алуу» беренеси менен кармалган. Аны былтыркы октябрь окуяларында ИИМ имаратын басып алууга шектеп жатышат. Биринчи Май райондук соту генерал-майорду 26-мартка чейин камакта калтырган.

Буга чейин да Асанов 5-октябрда массалык башаламандыктарды уюштуруу боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында кармалган болчу. Кийин аны прокурордун өтүнүчү менен үй камагына чыгарышкан. Асанов ошондой эле Кой-Таш окуялары боюнча кылмыш иштин фигуранты.