Курсан Асановдун иши. Тергөө аудиого башка экспертизаларды дайындайт

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочулары тарабынан жүргүзүлгөн экспертизалардын корутундулары кылмыш ишинин далил буюмдары катары таанылышы мүмкүн эмес. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«ИИМдин Тергөө кызматынын өндүрүшүндө кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган Жазык кодексинин 309-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын курамы боюнча материалдар иликтенип жатат. Курсан Асановдун үнү менен коштолгон видео жаздырууларына жүргүзүлгөн “фоноскопиялык экспертиза” жөнүндө жарыяланган экспертиза кошумча салыштырмалуу материалдары жок жүргүзүлгөндүгүн билдиребиз. Бул экспертизанын корутундусу “адистин корутундусу” болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш иши боюнча далил катары таанылбайт», — деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө органдары тарабынан тиешелүү экспертизаларды дайындоо жөнүндө маселе чечилүүдө, тактап айтканда “лингвистикалык” жана “фоноскопиялык” экспертизаларды салыштырмалуу материалдар менен гана жүргүзүү тиешелүү мамлекеттик эксперттик кызматтарга тапшырылат.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен «Толубай» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген видео социалдык тармакка жарыяланган. Аудио жазууда Курсан Асанов, депутат Жанар Акаев жана башка саясатчылар бийликти куралдуу басып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы жазуу түрүндө көрсөтүлгөн. 15-сентябрда бул аудио боюнча бир нече саясатчылар ИИМге сурак берип чыгышкан. Ал эми Курсан Асанов камакка алынган. Анын жактоочусу аудио боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкканын жана анын монтаждалганын билдирген эле.