«Куртканы башына жаап, сабашкан». Чүйдө тоноого шектүү жарандар кармалды

Чүйдө каракчылыкка шектелген 2 жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-март күнү Сокулук РИИБге 37 жаштагы жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, эки бейтааныш адам анын башына куртка жаап, денесине залал келтирип, Редми үлгүсүндөгү телефонун тартып алып, окуя болгон жерден качып кетишкенин билдирген. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 201-беренси (тоноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 20 жаштагы эки жаран кармалган. Учурда шектүү жарандардын мындан башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.