Чүй облусунда дайынсыз болуп жаткан Жанарбек кызы Аселди издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, ал 15-февралда саат 01:30 чамасында Кант шаарындагы Некрасов көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес. Аталган факты каттоого алынып, издөө иштери башталган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Чоң Чүй каналынын боюнан дайынсыз жоголгон кыздын курткасы, сланцысы жана уюлдук телефону табылган. Дайынсыз жоголгон жарандын ушул күнгө чейин каякта экени белгисиз.