«Курулуш бүтө электе акчасын берип койгон». Жалал-Абадда чиновниктерге 10 кылмыш иши козголду

Ала-Бука районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен Көк-Таш жана Ала-Бука айыл өкмөттөрүнүн кызмат адамдарына карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча кылмыш иштери козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Тактап айтканда, жогоруда аталган айыл өкмөттөрдүн кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, айыл аймактарындагы парктын, социалдык объектилердин, тактап айтканда бала бакчанын, оорукананын, мусор полигонунун жана жолдордун курулушу аяктаганга чейин эле подрядчылардын эсебине акча которуп жиберишкен. Натыйжада, жогоруда аталган жооптуу адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке жалпысынан 56 миллион 107 миң 652 сом материалдык зыян келтирилгендиги такталган. Анын ичинен 11 миллион 24 миң 973 сом прокурордук текшерүү учурунда мамлекетке кайтарылган.

Жогорудагы фактылар боюнча Ала-Бука райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен 10 кылмыш иши козголуп, алардын тергөө Ала-Бука РИИБге тапшырылды.