«Өрттөнүп жаткан унаадан 90 секунддан кечикпей чыгып кетиңиз». Бул тууралуу ӨКМден таратылган маалыматта айтылат.
Айдоочулар төмөндөгү эрежелерди сакташы зарыл:
— Автоунаанын ичи тез күйүүчү буюмдардан турат. Алар: күйүүчү май, унаа майы, резина, краска, ток өткөргүчтөр.
— Унаа 4-6 мүнөттө эле толугу менен күйүп кетерин эсиңизге түйүңүз. Ошондуктан өрт чыккан учурда, унааны дароо таштап чыкканга шашылыңыз. Күйүп жаткан унаадан 10-15 метр аралыкка чейин кетүү зарыл.
— Өрттүн келип чыгышы эң алды менен айдоочудан көз каранды. Андыктан, дайым унааңыздын абалын дыкат карап, бузулган жери болсо адистерге оңдотунуз жана унаа ичинде сөзсүз өрт өчүргүч болушун камсыздаңыз.
— Эң натыйжалуу өрт өчүргүч бул – порошок түрүндөгүсү болуп саналат. Аталган өрт өчүргүчтүн курамы түрдүү күйүүчү заттарды өчүрүүгө ылайыкталган. Айрыкча, чыңалуу абалында турган электр каражаттарын өчүрүүдө натыйжалуу.
— Өрт өчүргүч каражатын атайы адистештирилген дүкөндөн сатып алыңыз. Алып жаткан учурда жарактуу мөөнөтүнө көңүл бурунуз.
— Өрт өчүргүчтү эң туурасы унаанын арткы тулкусуна (багажник) эмес, киши отура турчу жерине (салон) жайгаштырыңыз. Бул кооптуу абал жаралган учурда, тез арада чара көргөнгө ыңгайлуу жана жеңил.
— Дүрбөлөңгө түшпөңүз. Унаа башкарып бараткан учурда өрт чыкса, 90 секунд ичинде ичинен чыгып, бул аралыкта унааны элден жана имараттардан алыс ачык жайга токтотуп, керектүү документтериңизди алып чыгып кеткенге аракет кылыңыз.
— Айдап бара жатканда өрт коркунучу жаралса, унаанын ылдамдыгын эч качан жогорулатпаңыз. Бул ого бетер өрттүн бат тутанып кетишине алып келет.
— Эгер унаанын май куюучу жери күйүп жатканын билсеңиз, дароо алыс качыңыз.
— Эгер унаанын мотору жайгашкан жери (капот) күйүп жаткан болсо, таяк менен этият ачып, өрт өчүргүч менен өрттүн булагы көздөй багыттап өчүрүүгө аракет кылыныз. Бул учурда сизге кум, кар, топурак да жардамга келет. Эгерде өрттү өчүрүүгө мүмкүн эмес болсо, коопсуз жерге унааны таштап кетүү кажет.
— Унаанын ичинде жүргүнчүлөр бар учурда, колдон келишинче тез убакыттын ичинде чыгып кеткенге шашылуу керек.
— Унааныздын жанында токтоп турган башка унаа күйгөн болсо, алыс аралыкка коюуга же муздак суу менен чачып туруңуз.
Унаадагы өрттүн келип чыгуусуна төмөнкүлөр алып келет:
— Электр зымдарынын авариялык абалда болушу;
— Айрым бөлүктөрдүн температурасы жогору абалда болушу;
— Унаа ичинде чылым чегүү;
— Кооптуу жүктөрдү туура эмес ташуу;
— Аварияга кабылган учурда.