Куткаруучулардын экскаватору Жети-Өгүз суусуна кулап түштү

Жети-Өгүз айылынын Көк-Жайык жайлоосуна баруучу көпүрө бузулуп, куткарууга барган экскаватор сууга кулап кеткен. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Бүгүн Жети-Өгүз суусунун деңгээли көтөрүлүп, Көк-Жайык жайлоосуна баруучу автоунаа жолунда жайгашкан 4 жыгач көпүрөгө агын суу урулуп, коркунуч келтиргени байкалган. Бир  экскаватор, бир ХОВО, мындан тышкары Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 1 жүктөгүч техникасы тартылып, көпүрөнүн түбүн бекемдөө боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жаткан. Жети-Өгүз райондук ӨКБнүн алдын ала берген маалыматы боюнча, экскаватор 3-көпүрөдөн Жети-Өгүз суусуна кулап кетти деген маалымат түшкөн. Каракол шаардык 1 даана АСМ автоунаасы менен саат 17:20 төрт куткаруучу чыгып кетти. Кошумча маалымат берилет.