«Куту» кармалды. Ал 1,5 миллион сом алып, из жашырып кетүүгө шектелүүдө

Май айында милицияга арыз менен Кара-Суу районунун тургуну кайрылып, анда 2022-жылы жай айында Сарай айыл аймагынан жер тилкелерин алып берем деп ишеничке кирип, 1 440 000 сом акча алып, бирок акчасын кайтарып бербей же жер тилкесин бербей изин жашырып кеткен «Куту» аттуу жаранга чара көрүүнү суранган.

Аталган факты боюнча 209-берене (алдамчылык) менен кылмыш иш козголгон. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө алдап кеткен жаран аныкталды. Ал ошол Кара-Суу районунун тургуну 1970-жылы туулган М.К. аттуу жаран экендиги такталды. 30-май күнү анын жүргөн жери аныкталып, кармалган соң тергөө кызматына өткөрүп беришти. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.