«Кутурма болушу мүмкүн». Чоң-Алайда ит тиштеген жаран каза болду

Чоң-Алай районунда ит тиштеп алган адам каза болду. Алдын ала диагноз кутурма болушу мүмкүн. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган адам 19-июлда ооруканага гидрофобия, фотофобия, акустикофобия жана галлюцинация менен кайрылган. Ошондой эле баш ооруга, алсыздыкка, тынчсыздануу сезимине арызданган.

Ал дарыгерлерге 3 ай мурун жайлоодо ит колун тиштеп алганын айткан. Клиникалык белгилердин негизинде кутурма диагнозу коюлган. 21-июлда бейтап каза болгон. Акыркы диагноз соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен гана коюла турганын Саламаттыкты сактоо министрлиги тактады. Алар азырынча даяр эмес.