«Күчкө салып токойго алып барып, тапанча такап…» Орусияда жердешинен 1 миллион рубль талап кылган кыргыз жигиттер кармалды

Орусияда коркутуп унаага отургузуп, токойго алып барып, тапанча кезеп мекендешинен 1 миллион сом талап кылууга шектелип 5 жигит кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-апрелде түн ичинде Москва шаарынын көчөлөрүнүн биринде кыргыз улутундагы 8-9 белгисиз жарандар күч колдонуп, Кыргыз жаранын УАЗ үлгүсүндөгү автоунаага отургузуп, токой тарапка алып барышкан. Эл жок жерден кылмышкерлер аны мыйзамсыз кармап, курал менен коркутуп, ири суммадагы акча каражатын (миллион рубль) талап кылышкан. Бул окуяны кокустан өтүп бара жаткан адам байкап калып, укук коргоо органдарына кабарлаган. Кылмыш болгон жерге полиция келип, опузалаган 4 адамды кармашкан. Алар Жалал-Абад жана Чүй облустарынын тургундары болушат. Алардан ок атуучу курал — ИЖ-71 үлгүсүндөгү кызматтык тапанча, ок-дарылар, бычак, арматура, дубинкалар табылган. Кармалган жарандардын бири Жалал-Абад облусунун тургуну 1998-жылы туулган жигит уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бардыгы жөнүндө маалымат бар. Дагы бир кармалган жаран Ноокен районунун жашоочусу 1995-жылы туулган жигит ММА боюнча белгилүү болгон спорттук клубдардын биринде машыгат, спортчу. Окуя болгон жерден дагы Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочусу 1996-жылы туулган жана Базар-Коргон районунун жашоочусу 1997-жылы туулган эки жигит кармалган.

Кыргыз Республикасынын ИИМинин Орусиядагы өкүлчүлүгү Кыргызстандын жабырлануучу жаранынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, андан сырткары жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо жана кармоо максатында полициянын аймактык бөлүктөрүнө көмөктөшүп келген. Жогорудагы факты боюнча Орусиянын Тергөө комитетинин аймактык бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесинин 2-бөлүмү (киши уурдоо) жана 163-беренесинин 2-бөлүмү (опузалап талап кылуу) менен кылмыш ишин козгогон. Июнь айында Кыргыз Республикасынын ИИМинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жардамы менен укук коргоо органдары тарабынан жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар изин жашырып жүргөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 1998-жылы туулган жигит кармалды. Опузалап талап кылууга жана киши уурдоого шектелген дагы бир жаран издөөгө алынган. Бул факты боюнча айыпталуучуларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана калган шектүүлөрдү аныктоо жана кармоо боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.