Жаранга күч колдонуп унаасын тартып алууга шектелген жаран кармалды. Ал мурда бир нече жолу соттолгон

Жаранга күч колдонуу менен унаасын тартып алган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жалал-Абад облусунун тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 2018-жылдын күзүндө адегенде коркутуу жолу менен акча талап кылып, акча ала албай калганда күч колдонуп, ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү унаасын тартып алган чала таанышына тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган жана “положенец” макамына ээ Ала-Бука районунда 1990-жылы туулган тургунду кармашкан. Учурда кармалган жаран Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.