Кыйноолорду алдын алуу борбору Курсан Асановду №50 тергөө абагына которуу боюнча соттун чечимине тынчсызданууда

Кыйноолорду алдын алуу борбору башкы прокурор Курманкул Зулушевге ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду №50 тергөө абагына которуу боюнча соттун чечимине тынчсыздануусун билдирип кайрылды. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.

Кайрылууда белгиленгендей, борбордун кызматкерлери камак жайларына профилактикалык иш сапар учурунда мурдагы бийлик өкүлдөрүнүн, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, аскер кызматчыларынын арасынан тигил же бул даражада кызматтык же жашыруун маалыматка ээ болгондор жазасын өтөп жаткан башка жарандар менен бирге кармаларын аныктаган.

«Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асанов соттун чечими менен №50 өзгөчө режимдеги мекемеге которулушу күтүлүүдө. Бул мекеме укук бузууга байланышкан кылмыштарды жасаган деп шектелгендер жана айыпталуучуларды гана кармоо үчүн эмес, өзгөчө оор кылмыш жасаган рецедевисттер үчүн, ошондой эле жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуп, түзөтүү колонияларынан которулуп келген соттолгондор үчүн да каралган. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор Курсан Асанов үчүн кооптуу болушу мүмкүн болгон бул мекемеде кармалышына тынчсыздануусун билдирет. Ага карата катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин болушун алдын алуу маанилүү», — деп айтылат маалыматта.