Кыйноолорду алдын алуу борбору: «Өзгөндө жашы жете элек өспүрүм убактылуу кармоочу жайда дээрлик 1 айдан бери камалып жатат»

Өзгөн районунда жашы жете элек өспүрүм убактылуу кармоочу жайда дээрлик бир ай кармалып турат. Бул тууралуу кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордон билдиришти.

Убактылуу кармоочу жайдагы санитардык абал талапка жооп бербейт, мекеме кир.

16-июндан бери имаратта дезинфекция жүргүзүлгөн эмес. Кошумчалай кетсек, жашы жете элек жаран камерада 25 күндөн бери жатат. Бирок мыйзамга ылайык, камакта кармоо мөөнөтү 10 күндөн ашпашы керек.

Улуттук борбордун маалыматы боюнча, изолятордо төрт адам бар. Мыйзам боюнча ар бирине санитардык зонанын өлчөмү 3,25 чарчы метр болушу керек, бирок иш жүзүндө бир адамга 2,3 чарчы метр гана бөлүнгөн.