Таласта күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип 27 жаштагы келин кармалды

Талас облусунун Манас районунда күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген 27 жаштагы келин кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-январь күнү саат 06:30 чамасында Манас районунун Новодонецк айылынын 1994-жылы туулган тургуну бети-башынан жаракат алып, жансыз денеси өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Манас РИИБдин кызматкерлери иликтөө жүргүзүшүп, анын денесинде учтуу нерсе менен кесилип, урулган жаракаттары бар экенин аныкташкан.

Аталган факты Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Иликтөөнүн жыйынтыгында, кылмышка шектелип маркум жигиттин аялы кармалып, Кара-Буура РИИБде камакка алынды. Азыркы убакта аталган факты боюнча экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Экөөнүн ортосунда 3 бала болгон.