«Кыйроолор катталган жок». Чүйдө жер титиреди

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 11:51де Чүй облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Сокулук районунун Киров, Асылбаш, Шалта жана Москва районунун Садовое, Беловодск айылдарында 3 баллга чейин, Сокулук районунун Шопоков шаарында жана Москва районунун Петровка айылында 2 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.