Кылмыш ишин чечип берүүгө 40 миң сом талап кылган делип Кара-Көлдө тергөөчү кармалды

Кара-Көл ШИИБдин улук тергөөчүсү опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-июнда УКМКнын укук коргоо системасындагы коррупцияны жоюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте, опузалап пара алуу фактысы боюнча Жалал-Абад облусунун Кара-Көл ШИИБинин улук тергөөчүсү кармалган.

Кармалган жаран Кыргыз жаранына карата козголгон кылмыш ишин оң тарапка чечип берем деп 40 миң сом өлчөмүндө пара талап кылгандыгы аныкталган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара алуу) кылмыштарынын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүрүп жатат.