«Кылмышты жашыруу үчүн үйдү өрттөп…». Чүйдө 49 жаштагы жаран мыкаачылык менен өлтүрүлдү

Степное айылында мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-августта болжол менен саат 00:45 чамасында Жайыл РИИБге Степное айылындагы үйлөрдүн биринде зомбулук менен өлтүрүлгөн жарандын жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган учурда, 1972-жылы туулган жарандын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү аныкталган.

Бул факт каттоого алынып, Жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип мурда соттолгон, 1977-жылы туулган жаран кармалган. Ал маркум менен 10 жыл чогуу жашаганы белгилүү болгон.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, мас абалындагы жарандар урушуп кетишкен. 44 жаштагы шектүү мыкаачылык менен 49 жаштагы жаранды өлтүрүп, кылмышты жашыруу үчүн үйдү өрттөп, коңшу бөлмөгө кирип, уктап калган.  Коңшулар үйдөн чыккан өрттү байкап калышып, үйдүн ичинен шектүүнү жана өлтүрүлгөн жаранды алып чыгышкан. Бирок шектүү белгисиз тарапка качып кеткен. Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү колго түшүрүлүп, Жайыл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иштери жүрүп жатат.