Кылычбек Саркарбаев кармалды. Ал жасалма паспорт колдонууга шектелүүдө

Ош мэриясынын алдындагы дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчиси Кылычбек Саркарбаев УКМК тарабынан кармалды. Ал соттуулугун жашыруу үчүн жасалма паспорт колдонууга шектелип жатат. Анын чыныгы фамилиясы Саркарбаев эмес, Сулайманов экендиги УКМКнын таратылган маалыматында жазылат.

«1987-жылы туулган Саркарбаев Кылычбек Асилбековичтин жалпы улуттук паспортун алуусунун мыйзамдуулугун текшерүүдө документ жасалма болуп чыкты. Ал мурда Сулайманов Кылычбек Асилбекович болгон учурунда уюшкан кылмыштуу топтун лидери Кадыр Досонов (Женго) менен тыгыз мамиледе болгондугу аныкталды. Сулайманов тоноо фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылып, 2006-жылы Ош шаардык соту тарабынан күнөөлүү болуп таанылуу менен бир жылга шарттуу соттолгон», — деп жазылат маалыматта.

Шектүү кармалып, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди.