Кылычбек Саркарбаев УКМКнын тергөө абагына эки айга киргизилди

Ош мэриясынын дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчиси Кылычбек Саркарбаев УКМКнын тергөө абагына эки айга киргизилди. Мындай чечимди Ош шаардык соту чыгарды.

Ал буга чейин соттуулугун жашыруу үчүн жасалма паспорт колдонууга шектелип кармалган эле. Анын чыныгы фамилиясы Саркарбаев эмес, Сулайманов экендиги УКМКнын маалыматында айтылган. Ошондой эле аталган ведомство Кылычбек Саркарбаевдин уюшкан кылмыштуу топтун лидери Кадыр Досонов (Женго) менен тыгыз мамиледе болгондугу аныкталганын билдирген.