Күндүн сүрөтү: Колуна кишен салынган Райымбек Матраимов

Райымбек Матраимовдун Бакудан Бишкекке жеткирилген учурунан сүрөттөр соцтармакта тарады.

Кадрдан көрүнүп тургандай, Райымбек Матраимовдун колуна кишен салынган. Аны менен кошо бир туугандары Искендер Матраимов, Тилек Матраимов жана Исламбек Матраимов да алып келинди.

23-мартта УКМКдан издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов Азербайжандын борбору Баку шаарында экенин, аны кармоо жана андан ары Кыргызстанга экстрадициялоо маселесин каралып жатканын билдиришкен. Ошол эле күнү өлкө жетекчилигине кол салууга камынган эл аралык кылмыш өкүлдөрү кармалганы маалымдалып, алардын Азербайжандын жарандары экенин айтышкан.