«Күнүнө 1,5 миң сом таппасаңар, келбегиле!» Ошто келин эки баласын кайыр суроого мажбурлап келген

«Күнүнө 1,5 миң сом таппасаӊар, келбегиле» деп эки баласын күндө тилемчиликке жумшаган эненин эки баласын мамлекет өз карамагына алды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан 8 жана 11 жаштардагы эки бала Ош шаарынын Шакиров көчөсүндөгү коомдук тамактануучу жайлардын алдында жана тамактануучу жайлардын ичине чейин киришип, кайыр сурап жүрүшкөндүгү тууралуу маалымат алышып, текшерүүгө алышкан. Текшерүү учурунда аталган факты аныкталган. Милиция кызматкерлери бул эки өспүрүмдү бөлүмгө алып келишип, алар менен маектешүү жүргүзүшкөн. Анда балдар апасы аларды күндө таӊдан кечке чейин кайыр сураганга мажбурлап жаткандыгы, күндө 1500 сом план коюп бергендигин, аны таппаса кечинде урушарын айтып беришкен. «Апабыз аяш энебизге 80 миӊ сом карыз. Аяш энем күндө акчасын сурайт. Аз акча таап келсек апабыз дагы, аяш энебиз дагы урушат. Ашканаларга, үйлөрдүн эшиктерин каккылап акча сурайбыз. Биздин тапкан акчага жашайбыз, батирдин акчасын төлөшөт, аяш энем менен апам иштешпейт», — деп айтышкан.

Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери социалдык жактан коргоо кызматы менен биргеликте иш алып барышып, эки өспүрүм теӊ мамлекеттин карамагына алынды. Ал эми апасы жана аяш энесинин үстүнөн Жазык кодексинин 181-беренеси (жашы жете электи коомго каршы аракеттерге тартуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери жүрүп жатат.