«Күнүнө 50гө жакын адам барат». Кумар оюндарынын ишине бөгөт коюлду

Мыйзамсыз көмүскө кумар оюндарынын иштерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 14-июлда УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренесинин 2-бөлүгү (кумар оюндарын өткөрүү үчүн көмүскө жайды уюштуруу же күтүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Жалал-Абад облусундагы мыйзамсыз көмүскө кумар оюндары аныкталып, анын ишине бөгөт коюлган.

«Такталгандай,Кыргызстандын жарандарынын анын ичинен адамдардын тобу компьютердик оюн клубдарынын атын жамынып, мыйзамсыз көмүскө кумар оюн жайларды уюштуруп, кумар оюундарын өткөрүү жайларды ойнотуп жаткандыгы аныкталды. Аталган мекемеге күн сайын 50гө жакын адам барып турат»,- деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 15-июлда  ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, УКМКнын кызматкерлери мекемесинин администраторун, жана ошондой эле көрсөтүлгөн мекемеде жүрүү шарттарын билүү үчүн 5 адамдан турган кардарларды жеринен кармашкан. Ошондой эле, аталган мекеменин уюштуруучулары Кыргызстандын жарандары экендиги аныкталган. Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылууда.