Кыргыз өлкөсүнөн 23 миллион доллар чыгаруу иши боюнча шектүү кармалды

Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан акча каражаттарын мыйзамсыз ташыган кылмыштуу топ аныкталды. Бул тууралуу маалыматты Финансылык полиция таратты.

Маалыматка ылайык, чет жерге ири суммада — 23 миллион доллардан ашуун акчаны товар үчүн төлөм катары мыйзамсыз алып чыгып бара жаткан кылмыштуу топтун ишине тыюу салынган. Тергөөдө жогорудагы кылмыштуу топ тарабынан мамлекеттин бюджетине 347 миллион сомдон ашуун зыян келтирилгени аныкталган.

12-ноябрда акча ташууга шектелген жаран кармалып, 14-ноябрда Бишкек шаарындагы 1-СИЗОго киргизилген.

Финпол мыйзамсыз акча ташыган схемага тиешеси бар башка адамдарды да аныктоо боюнча тергөө иштерин улантып жатат.

Буга чейин ноябрь айынын башында 180 миллион долларды Кытайга мыйзамсыз ташыган адам кармалган.