Кыргыз жарандарын Европа менен АКШга мыйзамсыз жөнөткөн аял кармалды

Кыргызстандын жарандарын Европа менен АКШ өлкөлөрүнө мыйзамсыз миграциясын уюштурган канал аныкталды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу менен алектенген Кыргызстандын 1986-жылы туулган жараны «Грин Лайт Компани» ЖЧК эл аралык билим берүү борборунун директору аныкталган. Ошол эле учурда жаран Кыргыз жарандарын чет өлкөгө ишке орноштуруу укугуна уруксаты жок туруп, 10-15 адамдан турган, арасында балдар да болгон Кыргыз жарандарынын тобун чогултуп, алардын Европа жана АКШ өлкөлөрүнө жеткирүү максатында мыйзамсыз Украина аймагы аркылуу Молдованын аймагына жеткирген. Жогоруда аталган шектүү жарандарды Молдовада 4-5 айга жакын кармап, чет өлкөлүк жарандар менен тил табышып, бир нече жолу круиздик жана жүк ташуучу кемелер аркылуу АКШга жана Европага жөнөтүүгө аракет кылган. Натыйжада Молдованын укук коргоо органдары тарабынан Кыргыз жарандарына кылмыш иштери козголуп, депортацияланган.

Алдын ала маалыматтар боюнча ал болжол менен 5 миллион сом ири өлчөмдөгү акча каражаттарына ээ болгон. 14-майда Кыргыз Республикасынын чек арасынан өтүп жаткан учурда «Манас» эл аралык аэропортунда кармалды. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-бөлүмүнүн 2-беренеси (мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, мигранттарды мыйзамсыз ташып кирүү (ташып чыгуу) менен кылмыш иши козголуп, андан ары тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.