Мамлекеттик чек ара аркылуу баңгизат алып өтүү каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Кечээ, 3-февралда 2 Кыргыз жараны Кыргызстандын Казакстан менен чектешкен Кара-Буура районундагы «Аманбаев» тилкесинде чек арадан мыйзамсыз түрдө баңги затын алып өтүүгө аракет кылып жаткан жеринде кармалышкан. Кармалгандардын бири мурда баңги затын мыйзамсыз сатканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылганы такталды.
Текшерүү учурунда кылмышка шектүүнүн жанынан жалпы салмагы 12 килограммга жакын 3 даана өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү заттары бар желим баштык табылган. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүмүндө каралган (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) кылмыштардын негизинде катталып, анын алкагында баңги заттардын келип чыгышын, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.