Кыргыз-өзбек чек арасында жер титирөө катталды

Кыргыз-өзбек чек арасында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 5-июль күнү саат 12:35те Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жердин силкинүүсү Ош облусунун Ноокат районунун Найман айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.