Кыргыз-Өзбек университетинин дагы бир деканы студенттерден акча талап кылууга шектелип кармалды (видео)

Кыргызстандагы ЖОЖдордун бириндеги коррупциялык схема жоюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

9-сентябрда УКМК тарабынан Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин финансы-экономика факультетинин деканы Ш.Ш.О. мамлекеттик экзамендерди тапшырууда студенттерден системалуу түрдө опузалап акча талап кылгандыгы үчүн кармалды.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аталган факультеттин деканы Ш.Ш.О. коррупциялык схемага тиешеси бар экендиги аныкталып, ал Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97-беренелеринин тартибинде эки суткага УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) менен Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин гуманитардык-педагогикалык факультетинин деканы У.И.С. жана декандын орун басары Д.у.Д. кармалган.
УКМК өлкөнүн жогорку окуу жайларында коррупциялык көрүнүштөрдүн орун алышына жол берилбестигин эскертет жана Кыргыз жарандарын аталган тармактагы бардык коррупциялык фактылар жөнүндө билдирүүгө чакырат.