Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу болгон жерде өрт чыкты

Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде чек арачылардын атышуусу катталган жерде өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«Алдын ала маалымат боюнча, Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Кык жайлоосунда Булак-Башы тилкесинде куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 13:50дө Баткен шаардык №26 ӨКБдан 10 куткаруучу тартылган»,— деп айтылат маалыматта.