Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал. Эки Тажик жараны жана үч Кыргыз жараны ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылды

Лейлек райондук соту апрель айындагы чек ара жаңжалына катышкан жарандарды ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, соттун 14-сентябрындагы өкүмү менен эки Тажик жараны күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркиндигинен ажыратылган.

21-сентябрдагы өкүм менен Кыргыз жараны И.А.И. Жазык кодексинин 307-беренеси боюнча айыпталуучунун жосунунда кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган. Бирок Жазык кодексинин 391-беренеси, 267-беренеси, 358-беренеси, 78-беренеси менен күнөөлүү деп табылып, жазалар бири-бирине толук бириктирүү жолу менен 15 жылга эркиндигинен ажыратылды. Кыргыз жарандары Б.А.И. жана У.А.К. Жазык кодексинин 307-беренеси боюнча айыпталуучулардын жосунунда кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган. Бирок Жазык кодексинин 391-беренеси, 358-беренеси менен жогорудагы экөө күнөөлүү деп табылып, белгиленген жазалар бири-бирине толук бириктирүү жолу менен 8 жыл 6 айга эркиндиктеринен ажыратылды.