«Кыргыз темир жолу»: Кырсыктан каза болгондор жана жабыркагандар жок

Бүгүн, 5-мартта саат 10:20да Казакстандын Актобе шаарына жакын жерде Казак темир жолдорунун тепловозу менен Бишкек-Самара каттамында жүргүнчүлөрдүн поезди менен кырсыкка кабылган. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан маалымдашты.

Кырсыктын кесепетинен үч жүргүнчүлөр вагону зыян тарткан. Каза болгондор жана жаракат алгандар жок. Жүргүнчүлөр башка вагондорго отургузулган. Поезддеги бригада жергиликтүү бийлик жана Тез жардам менен биргеликте жеңил жаракаттарга жардам берип, ысык тамак уюштурулган.

Составда 10 вагон бар, анын ичинен 8и жүргүнчүлөрдүкү. Баш-аягы 229 жүргүнчү бар. «Казак темир жолдору» менен биргеликте кырсыктын кесепетин жоюу жана поезддин кийинки маршрутун улантуу боюнча чаралар көрүлүүдө.