«Кыргыз темир жолунан» 500 миллион сом кайсы жакка которулган? УКМК иштин чоо-жайын маалымдады

УКМК тарабынан «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканадагы акча каражаттарын алуу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, мамлекеттик ишкананын жооптуу адамдары 2020-жылдын апрель айынан 2021-жылга чейин «АтомГрупп» ЖЧК менен «Генезис Плюс» ЖЧКсына товарларды жана материалдарды жеткирүү жана кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөөнүн шылтоосу астында 500 миллион сомдон ашык каражат которулган. Ошол эле учурда, «Кыргыз темир жолу» ишканасы көрсөтүлгөн мөөнөттө аталган ишканалар менен товардык-материалдык баалуулуктарды жеткирүү боюнча келишим түзбөгөндүгү аныкталган. Учурда аталган ишкананын мамлекеттик казынага келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

Бул иштин алкагында 18-майда «Кыргыз темир жолу» мекемесинин финансы департаментинин башчысы, 2 ЖЧКнын жетекчиси, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башчысы болгон Василий Дашковдун уулу кармалган.

Кечээ, 18-майда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик компаниясынын мурдагы жетекчиси Василий Дашковдун баш коргоо чарасын карап, ал 18-июлга чейин үй камагына алынган болчу. Соттон билдиришкендей, мурдагы директор Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмышка (адамдардын тобу тарабынан жасалган өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) шектелүүдө.