«Кыргыз темир жолунун» мурдагы башчысы Василий Дашков 2 айга камакка алынды

«Кыргыз темир жолунун» мурдагы башчысы Василий Дашков 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Маалыматка караганда, ал 8-августка чейин УКМКнын СИЗОсунда болот.

Василий Дашков 18-майда УКМК тарабынан кармалган. Анын баш коргоо чарасы ошол эле күнү каралып, соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. 8-июнда ал УКМК тарабынан кайра кармалып, анын мамлекетке жалпы 1,5 миллиард сом зыян келтиргени жана аны төлөп берүүгө аракет кылбаганы маалымдалган. Ал биринчи жолкусунда үй камагына келтирилген зыянды кайтарууга милдеттендирилип чыгарылганы кошумчаланды.