«Кыргыз темир жолунун» мурдагы башчысы Василий Дашков ооруканага жаткырылды

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурдагы башчысы Василий Дашков «Бикард» менчик клиникасына которулду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өздүк булактар билдирди.

Маалыматка караганда, ал ден-соолугуна байланыштуу УКМКнын СИЗОсунан которулган. Азырынча УКМКнын басма сөз кызматы билдирүү боюнча комментарий бере элек. 

Василий Дашков 18-майда УКМК тарабынан кармалган. Анын баш коргоо чарасы ошол эле күнү каралып, соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. 8-июнда ал УКМК тарабынан кайра кармалып, анын мамлекетке жалпы 1,5 миллиард сом зыян келтиргени жана аны төлөп берүүгө аракет кылбаганы маалымдалган.