«Кыргыз темир жолунун» мурдагы башчысы Василий Дашков кайра кармалды

Кечээ, 8-июнда Бишкекте «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын мурдагы башкы директору Василий Дашков кармалып, ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалымат боюнча, 2020-жылдын май айынан декабрь айына чейин товардык-материалдык баалуулуктарды жеткирүү үчүн акы төлөөгө Дашков аффилирленген жеке компанияларга мыйзамсыз түрдө 1,1 миллиард сом которгону маалым болгон. 

18-майда Василий Дашков Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан үй камагына чыгарылган. Ага келтирилген зыянды кайтаруу милдеттендирилген. Бирок Дашков ушул күнгө чейин келтирилген зыянды төлөп берүүгө аракет көргөн эмес. Андан тышкары сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Дашковдун «Кыргыз темир жолу» ишканасындагы бюджеттик акчаларга мыйзамсыз ээ болгондугу боюнча кошумча фактылар аныкталган. Такталгандай, ушул жылы январь айынан апрель айына чейин ишканадан 490 миллион сом чыгарылып кеткен. Муну менен келтирилген зыяндын жалпы суммасы 1,5 миллиард сомду түздү.