«Кыргыз темир жолунун» мурунку башчысы Василий Дашков сотко коляскада келди

26-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан 1,5 миллиард сом чыгарып кетүү боюнча иш боюнча соттук отурум өттү.

Сот жабыркаган тарапты суракка алат. Айыпталуучу Кыргыз темир жолунун мурдагы директору Василий Дашков соттук отурумга коляска менен келди.

Ал 2022-жылдын январында ден соолугуна байланыштуу УКМКнын СИЗОсунан бошотулган.