Кыргыз улуттук университетинен 2710 студент окуудан чыгарылды

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде кызматтык жасалмачылык фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Жогорку билим берүү системасында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында УКМК Кыргыз улуттук университетинде системалык тартип бузуу фактыларын аныктады.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында окуу процессине иш жүзүндө катышпаган, бирок ошол эле учурда окуп жаткандардын катарында болгон студенттер аныкталды. Аталган факты боюнча Кылмыш-Жаза Кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүгүндө (кызматтык жасалмачылык) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында окуу шарттарын бузган 2710 студент окуудан чыгарылды. Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга катыштыгы бар КУУнун профессордук-окутуучулар жана административдик курамындагы адамдардын чөйрөсүн аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.