«Кыргызавтожол» ишканасынын кызматкеринин өлүмү боюнча милиция маалымат берди

Чүй облустук милициясы СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине «Кыргызавтожол» ишканасынын кызматкеринин өлүмү тууралуу маалымат беришти.

Маалыматка караганда, 26-ноябрда Жайыл РИИБге Бишкек-Ош жолунун 129-чакырымына жакын жердеги суицид тууралуу маалымат түшкөн. Кызматкерлер жерине барып, Бишкек-Ош унаа жолунун жанынан ЖТИнин имаратында асынып турган, 20-25 жаштагы эркек адамдын жансыз денеси табылган. Маркумдун 2020-жылдан бери №9 ЖТИде ишкананын мастери болуп иштеген жаран экени аныкталган. 

Аталган факты ошол эле күнү катталып, тергөө иштери башталган. Маркумдун денесин кароодо дене жаракаттары табылган эмес. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп, бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.