Салык кызматы тарабынан даярдалган «Өз адамдар үчүн мунай: Кыргызнефтегазды кантип курутушту» аттуу иликтөөнүн видеоматериалдары жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган. Аталган материалдарда «Кыргызнефтегаз» ААКтын кызмат адамдары тарабынан мүмкүн болгон мыйзамсыз аракеттер жөнүндө маалыматтар камтылган. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
Көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык, ишкананын айрым кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, байланышы бар компаниялар менен сүйлөшүп алып, күйүүчү-майлоочу материалдарды сатуу жана өткөрүү боюнча мыйзамсыз схемаларды уюштурушкан. Текшерүүнүн жүрүшүндө кызмат адамдары «Кыргызнефтегаз» ААК стратегиялык маанидеги жана толугу менен мамлекеттик менчикте экенин билишип, ошондой эле анын ишмердүүлүгүн мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгына натыйжалуу жүргүзүү милдети жүктөлгөнүн түшүнүп туруп, бул милдеттерге каршы аракеттенишкени аныкталган.
Республикада күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон баалар өсүп жаткан шартта, абалды турукташтыруу боюнча чараларды көрүүнүн ордуна, алар бул тармакты үстүнөн караган жана көзөмөлдөгөн функцияларын аткарган мамлекеттик органдардын азырынча такталбаган кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүүгө барышкан. Натыйжада айрым байланышкан компаниялар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, өздөрү жана башка жактар үчүн мыйзамсыз материалдык пайда табууга, анын ичинде салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Бул факты боюнча Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») боюнча кылмыш иши козголду. Азыркы учурда Мамлекеттик салык кызматынын адистерин тартуу менен кылмыш иштин бардык жагдайларын толук жана калыс иликтөөгө жана ошондой эле күнөөлүү адамдарды аныктап, кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тиешелүү тергөө аракеттер жүргүзүлүүдө.