Кыргызстан аркылуу баңгизат ташып жүргөн тажикстандык кармалды. Андан 100 килограммдан ашык героин табылган

Өзгөчө ири өлчөмдөгү героинди ташуу боюнча эл аралык баңги тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстан аркылуу ооган тектүү баңгизаттардын ири партияларын ташууга жана сатууга адистешкен эл аралык баңги тобунун ишине бөгөт коюу боюнча эл аралык атайын операция өткөрүлгөн. Атайын операциянын жыйынтыгында 100 килограммдан ашык “героин” баңгизатын ташыган жана сактаган баңги каналынын уюштуруучусу 1986-жылы туулган Тажик жараны Казакстандын Алматы шаарынын аймагынан кармалды. Ал Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып жүргөн.

Баңги тобунун башка катышуучуларын аныктоого багытталган мындан аркы биргелешкен иш-чаралар өткөрүлүүдө. Маалымат катары, жогорудагы аныкталып алынган баңгизаттын болжолдуу баасы 1 миллион 190 миң долларды түзөт.