Кыргызстан менен Казакстандын чектешкен аймагында жер титиреди

Бүгүн, 6-май күнү саат 13:07 чамасында Кыргызстан менен Казакстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Анын күчү Ысык-Көл облусунун Түп районунун Каркыра айылында 5 баллга, Кең-Суу, Корумду, Чоң-Таш, Байзак айылдарында 3 баллга, Жети-Өгүз районунун Көк-Жайык айылында 4 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.