810 килограммдан ашык героин! Кыргызстан менен Орусиянын күч түзүмдөрү баңгизат каналынын жолун буушту

Кечээ, 20-майда Орусиянын Федералдык бажы кызматы жарыялаган маалыматка караганда, Кыргызстан менен Орусиянын күч түзүмдөрү Европа өлкөлөрүнүн бирине бара жаткан героиндин ири партиясын кармашты. Буга чейин 13-майда Кыргыз өлкөсүнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ош облусунда кармалган жүк ташуучу унаадан 440 килограмм героин табылганын маалымдаган эле.

Орусиянын Федералдык бажы кызматынын маалыматына ылайык, баңгизатты Ооганстан, Иран, Пакистандан ЕАЭБ өлкөлөрү аркылуу Европага жөнөтүү каралган. Героин 200 килограммдан Нидерланддарга жеткирилмек. Атайын операциянын жүрүшүндө мыйзамсыз жүгүртүүдөн 810 килограммдан ашык героин алынды.

Чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде Евробиримдиктин өлкөлөрүнүн жарандарынын ичинен аткезчилик каналдын аткаруучулары, шериктери жана уюштуруучулары кармалган. Кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө карата Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин «уюшкан топ тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө баңгизатын алып өтүү» беренеси боюнча эки кылмыш иши козголду. Бул кылмыш үчүн жаза өмүр бою эркинен ажыратуу каралган.