Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен аймакта жер титиреди

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 14-март күнү саат 10:49да Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3,4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жер титирөө Ош облусунун Араван районунун Мангыт, Кочубаев жана Кызыл-Коргон айылдарында 2,5 баллга (Ош шаарынан 47 чакырым батышка) чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.