Кыргызстан менен Өзбекстанды бириктирип турган туннель табылды

Кечээ, 9-февралда УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары тарабынан Кыргызстан менен Өзбекстанды бириктирген туннель табылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Кара-Суу районундагы чек ара тилкесинде мыйзамсыз аракеттерге каршы иш-чаралардын жүрүшүндө чек арачылар чек арага жакын жайгашкан үйдөн туннель табышкан. Текшерүү учурунда туннель Түштүк Фергана каналынын астынан өтөрү жана Өзбекстандын аймагындагы айылдардын биринен чыгары аныкталган. 

Туннелдин бийиктиги 1,5 метрге чейин, туурасы 80 сантимерге чейин, тепкич менен жабдылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, тоннелдин узундугу 200 метрге чейин жетет.