Коррупциялык көрүнүштөргө аралашкан «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директорунун орун басары кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Милиция кызматкерлери тарабынан калкка электр энергиясын керектөө системалары үчүн тетиктерди сатып алууда «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКтын жетекчилигинин коррупциялык схемаларга аралашканы аныкталган. Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси менен кылмыш иши козголду .
Бир тендерге аудит жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКтын кызмат адамдары «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамын одоно бузуп, сатып алуучу товардын баасына алдын ала мониторинг жүргүзбөстөн тендер өткөрүшкөн. Ошентип, бир гана тендер боюнча 25 000 000 сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды.
Иш боюнча табылган далилдердин негизинде кылмышка шектүү катары «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директорунун орун басары, 1992-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Соттун чечими менен эки айга камалды. Иш боюнча тергөө иштери уланууда.