Кыргызстанда 3 айда 1366 жол кырсыгы катталып, 110 киши көз жумду

Кыргызстанда 3 айда 1366 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов Жогорку Кеңештин комитетинде билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгы мурдагы жылга салыштырмалуу 206га же 13,1 пайызга кыскарган. Өткөн жылы жол кырсыктан 134 киши каза болгон. Быйыл болсо, 110 адам көз жумган. Көз жумгандардын саны 18 пайызга кыскарган.